Өзүм тууралуу

Менин аты-жөнүм – Акматов Кыялбек Камутович. 2001-жылдан бери билим берүү системасында эмгектенип келатам.
Ушул жылдар аралыгында катардагы мугалимден тартып мектептин директорлугуна чейинки кызматтарда иштедим. Мектепте жана жогорку окуу жайында сабак берүүнү айкалыштырып, бир топ тажрыйба топтодум жана билим берүү системасынын оош-кыйыштарын талдоодон өткөрдүм.
Мектеп мугалимдерине, студенттерге жана деги эле билим берүү системасына кайдыгер карабаган инсандар үчүн керектүү болгон илимий-методикалык мазмундагы макалаларды, китептерди чыгардым. “Кыргыз адабияты” боюнча окуу китептеринин автору жана авторлошу болдум.
Азыр менде дале көптөгөн идеялар, сунуштар, ойлор бар. Мен ошолор тууралуу сиздер менен бөлүшкүм келет!
Билим берүү системасы ар кайсы өлкөдө ар башка болгон менен, түпкү максаты бир - билимдүү жана компетенттүү инсанды тарбиялоо! ХХI кылым ар тараптуу өнүккөн, көп нерсеге шыктуу, компетенттүү, алга умтулган адамдарга муктаж экендигин жашоо өзү көрсөтүп олтурат. Бүгүнкү заман ар бир адамды, ал кайсыл кесиптин ээси болбосун, ар дайымөнүгүүгө, өркүндөөгө муктаж кылууда.
Курчап турган дүйнө мүнөт сайын өзгөрүп, бүгүнкү маалымат эртең жаңылык болбой калган учурда дүйнөнү таанып-билүү үчүн ар бир адам мобилдүү болууга тийиш! Ошондуктан менин бүгүнкү максатым – заманбап мектептердин көбөйүүсүнө өбөлгө түзүү.
Өзүм иштеген “Жетиген” лицейинде ишке ашырылган долбоорлор жайылтылууга арзыйт.
Бүгүнкү коом ар тараптуу өнүккөн инсанды тарбиялоого тийиш, бул үчүн ар бир мугалим менен кошо ар бир окуучу алга умтулуп, биргеликте аракеттенүүсү зарыл!