Блогдор

АТАЛЫК ЭРТЕҢКИГЕ ТАШТАЛБАЙТ ЖЕ СИЗ КАНДАЙ АТАСЫЗ?

“Аталар мектебин” уюштуруу, бала тарбиялоону энелерге гана жүктөбөй, аталардын жоопкерчилигин да күчөтүү маселеси байма-бай көтөрүлө баштады. Айрыкча дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемиядагы карантин учурунда ата менен балдардын ортосундагы мамиленин жоктугу, аталар өз балдарын жакшы тааныбагандыгы, балдарды тарбиялоого кантип салым кошорун билбеген чабалдыгы сыяктуу мүчүлүштүктөр өзүнөн-өзү калкып чыга келди.

“АТАЛАР МЕКТЕБИ” ДОЛБООРУ ТУУРАЛУУ

НУКУРА МУГАЛИМДЕРДИН ПЕДАГОГ-ОКУМУШТУУ УУЛУ

Мугалим – коомдун кыймылдаткыч күчү экени баарыбызга маалым. Ал кесиптердин эң ардактуусу. Биздин бул жолку каарманыбыз өз кесибин сүйгөн, ата кесибин уланткан, билим берүүнүн мыктысы, педагогика илимдеринин кандидаты, ОшМУнун педагогика кафедрасынын доценти, Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинин директору Кыялбек Акматов. Ал 15 жылдан бери мектепте да, университетте да эмгектенип келе жатат. К.Акматов 2005-жылы республикалык «Үлгүлүү мугалим – 2005» кароо-сынагында 1-орунду багындырган.

“МУГАЛИМДИН УСТАТТЫГЫ” жана “БАЛАНЫ ЖАЗАСЫЗ ТАРБИЯЛА” КИТЕПТЕРИ ЖАРЫК КӨРДҮ

Педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматовдун “Мугалимдин устаттыгы” жана Елжас Ертай уулунун “Баланы жазасыз тарбияла” (К.Акматовдун котормосунда) китептери жарык көрдү.

ЭЛ ДОСТУГУН БЕКЕМДЕГЕН “ЖЕТИГЕН”

Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейи Казакстан тарабынан каржыланып бүткөрүлдү. 500 орундуу мекемени курууга казак президенти Нурсултан Назарбаев жалпы 100 миллион сомдой каражат бөлүп берген. Тендер аркылуу имарат 88 млн. сомго бүткөрүлгөн.

БАЛДАРГА МЭЭРИМИБИЗ – БАКТЫЛУУ КЕЛЕЧЕГИБИЗ

“Балдарга мээримибиз – бактылуу келечегебиз” деп аталган республикалык тарбия конференциясына катышып, доклад жасап жатып педагогикалык кесипке болгон шыгым ойгонуп, дагы да жан үрөп кызмат кылууга бел байлап, түмөн түйшүктүн артындагы ийгиликтин изги сырын сездим окшойт. Республикабыздын жети дубанынан келген мен сыяктуу мектептен кете албаган, балдардын тарбиясына түйшөлгөн кесиптештеримдин көз караштарынан, жан күйө сүйлөгөн сөздөрүнөн, жашыра албаган эмоцияларынан улам келечек ээлеринин тарбиясынан жакшылык үмүт кылса болорун да туйдум.

БАЛА ТАРБИЯЛООДОГУ АДАШУУЛАР: МЕКТЕППИ ЖЕ ҮЙ-БҮЛӨБҮ?

Мектеп окуучуларынын тарбиясындагы кемчиликтерди күн сайын байкаган, алардан арылуунун жолдорун түйшөлүп издеген, мугалим катары кесиптештерим менен өз оюмду бөлүшкүм келди. “Бала да, шок болот. Бир жерде тынч алып отура албайт. Көпчүлүк учурда чыр чыгарып жүрөт. Чоңойгон сайын токтолот” – деп көп айтабыз. Туура, али инсан катары калыптанып бүтө элек балдардын бараалына келгенде кадыресе адам болоору талашсыз. Бирок айрым учурда мугалимдерди өтө тынчсыздандырган иш аракеттерди жасап, начар жүрүш-турушу, жагымсыз мүнөзү менен көп тынымсыз маселе жаратып келген окуучулар бар.

БИРГЕ ТАРБИЯЛООГО АТА-ЭНЕЛЕРДИ ТАРТУУ – ЖАКШЫРУУГА ӨБӨЛГӨ

Мугалимдиктен тартып, класс жетекчи, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, социалдык педагог, директордук кызматтарды аркалап келатам.Үч жыл Ош мамлекеттик университетинин “Билим” лицейинин директору, 2016-жылдан бери Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинде директордук кызматында эмгектенип жаткан учурум.

МЕКТЕП ТАРБИЯСЫНДАГЫ БИР КӨЙГӨЙ ЖЕ “СОТКЕБАШ БАЛДАР” БАЯНЫ

“Соткебаш балдар” учурдун термини. Бул терминди педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовдун тарбия тууралуу макаласынан кездештирген элем. Азыр практикада, мектепте, күнүмдүк турмушта кездештирип жатам. Агай колуна уюлдук телефон тийгенден кийин сабакты да, тамакты да, ата-энени да унуткан, баш көтөрбөй социалдык желелерде, мобилдик тиркемелерде жүргөн, баш оту менен ошого кирип кеткен балдар-кыздарды көрүп каңырыгы түтөп ошентип айтса керек. Мен буга толук ынандым.

АПЕНДИ ТУУРАЛУУ 8 ФАКТЫ. КЫРГЫЗ АПЕНДИСИ КАНДАЙ БОЛГОН?

Адатта биз апенди десе, эки сөздүн башын кошуп айта албай элге күлкү болгон, маңыроо чалыш, аңкоо адамды элестетебиз. Бирок чын-чынына келгенде, ал сөз кадырын билген жана сөз менен сөөккө жеткире сүйлөп, дөөлөтүнө чиренгендерди асмандан алеки саатта жерге түшүргөн акылдуу, сөз тапкыч болгон.

МЕКТЕП МЕНЕДЖМЕНТИ: АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА

Кагаз иши “жеп” койгон менеджерлик

Менин тагдырыма эки жаңы мектепти негиздөө вазийпасы жүктөлгөн экен. Алгач 2013-жылы Ош мамлекеттик университетинин жаңы ачылган “Билим” лицейинин директорлук кызматына дайындалсам, 2016-жылдан тартып Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинде директордук кызматты аркалап жатам. Мына ушул эки мектептеги тажрыйба мага жетекчиликтин албан сырларын үйрөттү. Жаманбы-жакшыбы, эки мектептин моделин түзүп, аны сыноодон өткөрүп, алдыма койгон күтүлүүчү натыйжаларга жетишүүмө мүмкүнчүлүк жаралды.