АТАЛЫК ЭРТЕҢКИГЕ ТАШТАЛБАЙТ ЖЕ СИЗ КАНДАЙ АТАСЫЗ?
“Аталар мектебин” уюштуруу, бала тарбиялоону энелерге гана жүктөбөй, аталардын жоопкерчилигин да күчөтүү маселеси байма-бай көтөрүлө баштады. Айрыкча дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемиядагы карантин учурунда ата менен балдардын ортосундагы мамиленин жоктугу, аталар өз балдарын жакшы тааныбагандыгы, балдарды тарбиялоого кантип салым кошорун билбеген чабалдыгы сыяктуу мүчүлүштүктөр өзүнөн-өзү калкып чыга келди.
“АТАЛАР МЕКТЕБИ” ДОЛБООРУ ТУУРАЛУУ